“Асман Эйрлайнс” учагы Бишкек – Ош каттамын ийгиликтүү аткарды
“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек – Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, 80 жүргүнчү менен учуп кетти.
“Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, билеттин минималдуу баасы 3300 сомду түзөт, ал эми акыркы 5 орунга атайын тарифтер сунушталат: супер эконом — 4000 сом, толук эконом — 4500 сом жана флекс эконом — 5000 сом.
Ички каттамдар боюнча учак бүгүндөн баштап Ош шаарына учту, ал эми 28-сентябрдан тартып Жалал-Абад шаарына, 3-октябрдан баштап Баткенге каттайт.
Учак жүргүнчүлөргө толуп, авиабилеттерге болгон суроо-талаптын көптүгүнө байланыштуу Казарман, Раззаков жана Талас багыты боюнча каттамдарга авиабилеттерди сатуу убактылуу токтотулду.