Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууларга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган мыйзам долбоору каралды

 Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууларга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган мыйзам долбоору каралды

Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууларга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салган мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.

Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева белгилегендей, Президенттин Жарлыгына карабастан азыркы учурда мектептерде акча чогултуу улантылып жатат. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга, мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүүнү болтурбоо максатында жоопкерчилиги күчөтүлүп иштелип чыкты. Мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.

Мындан тышкары, жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Сыдыков, Гүлшаркан Култаева жана Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген «Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорун демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев тааныштырды. Анын айтымынды, өзгөртүүлөр жарнаманын айрым түрлөрүн жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

«Учурда тиешелүү кесиптик даярдыгы жок, курс, тренинг жана консультация сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөн адамдардын санынын өсүү тенденциясы байкалууда. Натыйжада, психологиялык кызмат көрсөтүүлөр рыногу көп сандагы компетентсиз адистерге толуп баратат», – деди.

Баяндамачы кошумчалагандай, мындай кызматтарды көрсөткөн адамдар көбүнчө социалдык тармактарда өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө жарнаманы таркатышат.

«Ал жактан көбүнчө өспүрүмдөр жана жаштар, алардан квалификациясы тууралуу документтерди талап кылбастан, квалификациясы жок адистерге кайрылышат. Квалификациясыз психологдордун кызматына кайрылган адамдын психологиялык жана психикалык ден соолугуна зыян келтирүү түрүндөгү кайтарылгыс кесепеттердин алдын алуу үчүн «Жарнама жөнүндө» мыйзамды толуктоо сунушталат», – деди Марлен Маматалиев.

Связанный пост