Нурланбек Шакиев Циндао шаардык Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин партиялык тобунун катчысы Ван Люмин менен жолугушту

Бүгүн, 15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Кытай Эл Республикасындагы расмий сапарынын алкагында Циндао шаардык Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин партиялык тобунун катчысы Ван Люмин менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосунда кызматташтыкты арттыруу, андан сырткары аймактар аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланып, аталган багытта эл өкүлдөрүнүн жасай турган иштери тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев коңшу Кытай мамлекети Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп: “Акыркы жылдары эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланышы жигердүү өнүгүп, эки тараптуу алакаларда жана эл аралык аянтчаларда бири-бирибизди колдоп келебиз. Андыктан калыптанган мамилелерди аймактар аралык байланыштар менен улантып, анын ичинен Кыргызстандын ири шаарлары менен Кытайдын Циндао калаасынын кызматташтыгын арттырышыбыз зарыл. Кезинде улуу ойчул, философ Конфуций чыккан, эки жолу Шаңхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн маданий борбору катары таанылган Циндао шаарынын жетишкендиктеринен үлгү алуу биз үчүн өтө маанилүү”, – деди.

Муну менен катар Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолгон Төрага: “Азыркы учурда саясий туруктуулук орноп, салык саясаты жөнгө салынып, мыйзамсыздыкка жана коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүп, чет өлкөлүк ишкерлер менен инвесторлорго толук шарт түзүлүүдө. Андыктан, кытайлык инвесторлорду, анын ичинен Циндао шаарынын ишкерлерин кыргызстандыктар менен кызматташып, экономикалык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууга чакырабыз”, – деди.

Өз кезегинде Циндао шаардык Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин партиялык тобунун катчысы Ван Люмин Кытайдын тарыхый калаасында Кыргыз парламентинин Төрагасы баштаган делегация менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин айтып, бүгүнкү баарлашуу калыптанган кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрөрүнө ишенерин билдирди.

Ошондой эле айтылган ар бир маанилүү экенин белгилеген Ван Люмин: “Жылдан жылга Кыргызстан менен Циндао шаарынын соода байланышы жогорулап келет. Ортодогу мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдаланып, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрө турган болсок, көп ийгиликтерге жетише алабыз”, – деди.

Андан тышкары, Бишкек менен Циндао шаарлары боордош калаа макамында тыгыз кызматташып келе жатканын эске салган Ван Люмин Кыргызстандын башка шаарлары менен да кызматташууга кызыкдар экендиктерин кошумчалады.

Жолугушууда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунунун курулушу өлкөлөр ортосунда гана эмес, аймактар аралык байланышты чыңдоого көмөкчү болору белгиленди.

Связанный пост