Кыргызстанга Казакстандан 302 миңден ашык жумуртка мыйзамсыз ташып келинген

 Кыргызстанга Казакстандан 302 миңден ашык жумуртка мыйзамсыз ташып келинген

Казакстандан Кыргызстанга 302 миң 400 жумуртка мыйзамсыз ташып келингени аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракет “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан текшерүү учурунда жумуртканын маркировкасы жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

 

Бул боюнча инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк Казакстанга “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу артка кайтарылды.

Связанный пост