Бүгүн “Бедел” өткөрүү пункту ачылат

 Бүгүн “Бедел” өткөрүү пункту ачылат

Бүгүн Барскоон – Учтурфан – Аксу унаа жолунда “Бедел” өткөрүү пункту ачылат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Барскоон – Учтурфан – Аксу унаа жолундагы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк түзөт.

Учурда Барскоон-Учтурфан-Аксу унаа жолунун Кара-Сай айылынан №6 чек ара заставасына чейинки узундугу 58 чакырымга жеткен жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштери аяктоо алдында турат. Пландалган иштердин 95 пайызы аткарылды. Автоунаа жүрүү үчүн жолду ачуу иштери жүрүп, түтүктөр орнотулуп, көпүрөлөр монтаждалууда.

Министрлик “Бедел” өткөрмө пункту ачылышына карата Барскоон – Учтурфан – Аксу жолунун курулушуна салым кошкон жолчулардын эмгеги чоң экендигин белгиледи.

Связанный пост