Баткендеги сел каптаган тилкелерден 137 тургун эвакуацияланды

 Баткендеги сел каптаган тилкелерден 137 тургун эвакуацияланды

Баткендеги сел каптаган тилкелерден 137 тургун эвакуацияланды.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен районундагы Ак-Татыр айылынын суу каптаган тилкелеринен саат 01:30га карата жалпы 137 жаран, анын ичинен 50сү жаш бала туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.

 

Жеринде ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын жана Баткен району боюнча ӨКБнын өрт өчүрүүчү куткаруучулары эвакуциялоо иштерин жасап жатышат.

 

“Айыл мектебине убактылуу баш калкалоочу жай уюштурулду. Кошумча маалымат берилет”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост