Улуттук кардиология жана терапия борборунда нур менен дарт аныктоочу жаңы бөлүм ачылды

Улуттук кардиология жана терапия борборунда нур менен дарт аныктоочу жаңы бөлүмүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Бөлүм заманбап медициналык жабдуулар, анын ичинде жүрөк-кан тамыр системасынын уникалдуу программасы бар магниттик-резонанстык томография, стационардык рентген аппараты жана Ультрадобуштуу диагностикалык аппараты менен жабдылган. Бул аппараттар “Япония өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы” долбоорунун алкагында берилген.

Ачылыш аземге Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ГОДА Хидеки мырза, Кардиология жана терапия улуттук борборунун директору Талант Сооронбаев жана башкалар катышты.

Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ГОДА Хидеки мырза белгилегендей, “Япония Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасы” долбоору 2020-жылы ишке ашырыла баштаган, анын алкагында Япония Өкмөтү тарабынан 500 миллион иенге грант берилген. Бул суммага Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк-кан тамыр системасынын уникалдуу программасы бар магниттик-резонанстык томография, стационардык рентген аппараты жана Ультрадобуштуу диагностикалык аппарат, ошондой эле Улуттук госпиталга компьютердик томограф сатылып алынган. Ал бул кызматташтык медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга жана Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого жардам берерине ишенимин билдирди.

Медербек Исмаилов өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын медицинасын өнүктүрүүнүн негизги приоритеттеринин бири катары жүрөк-кан тамыр ооруларын аныктоого заманбап технологияларды жана инновацияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Программанын алкагында берилген жаңы аппараттардын аркасында Улуттук кардиология жана терапия борборунда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарды дарылоонун эң заманбап технологиялары киргизилет. Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ГОДА Хидеки мырзага мындай көп тармактуу нурлуу диагностика бөлүмүн түзүүгө мүмкүндүк берген колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирем», – деди ал.

Комплекстүү нурлуу диагностика бөлүмүн түзүү алдыңкы технологияларды жана инновацияларды колдонуу менен жогорку технологиялык медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылат. Бул оорулуулардын абалынын оордугун аныктоо жана ар кандай жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптардагы ткандардын жашоо жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн нурлуу диагностиканын заманбап ыкмаларын колдонууга комплекстүү мамилени клиникалык практикага киргизүүгө өбөлгө түзөт. Бөлүм ошондой эле башка органдар жана системалар жабыркаган учурларда мааниге ээ, бул өмүрүнө коркунуч туудурган бейтаптарга тез арада жогорку технологиялык жардам көрсөтүүнүн убакыт аралыгын аныктоого мүмкүндүк берет.

Связанный пост