ЖКККББ: Акыркы коңгуроо иш-чарасы учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

 ЖКККББ: Акыркы коңгуроо иш-чарасы учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Акыркы коңгуроо” иш-чарасы учурунда көзөмөл күчөтүлөт. Атайын посттор коюулат. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы азыркы учурда баардык орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө, мугалимдерге жана ата-энелерге балдардын коопсуздугунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. “Акыркы коңгуроо” иш-чарасы учурунда да кызматкерлер баардык орто мектептерге бөлүнүшүп, коопсуздукту камсыздашат.
Айрыкча бүтүрүүчүлөр эч кандай айдоого укугу жок болуп, атайын кымбат баалу унааларды жалдашып, ата-энелеринин коштоосу жок жаратылыш койнуларына, эс алуу жайларына, түнкү клубтарга барып, мас абаладарында ар кандай укук бузууларына жол бербөө үчүн ЖКККББнын кызматкерлери азыртадан түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Ошондой эле он жылдык, жыйырма жылдык жолугушуулар учурунда ичип алып унаа башкарууга, авто ээнбаштык жасоого жана жалпы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагындагы шаарларга кирип чыгуучу жолдого атайын күзөт посттору коюулуп, унаалар текешрилип турат.

Связанный пост