Мэр укук коргоо органдарынын жетекчилери менен, анын ичинде Ататүрк сейил багы боюнча Координациялык кеңешме өткөрдү

 Мэр укук коргоо органдарынын жетекчилери менен, анын ичинде Ататүрк сейил багы боюнча Координациялык кеңешме өткөрдү
Борбор калаанын мэриясында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында прокуратуранын, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, УКМКнын аймактык башкармалыктарынын жана Бишкек шаары боюнча ӨКМнын, ошондой эле шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда укук бузууларды алдын алуу боюнча Координациялык кеңешме өттү.
Курулуш жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, борбор калаанын мэриясынын жана шаардын укук коргоо органдарынын Бишкек шаарынын мэриясынын «Мустафа Кемал Ататүрк атындагы парктын чек араларын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашырууга багытталган мындан аркы иш-аракеттери жөнүндө маселе боюнча маалымат угулду. 2024-жылдын 20-майына карата мэриянын жогоруда аталган токтомун аткаруу максатында, муниципалитеттин юридикалык кызматтары тарабынан сот органдарына 19 доо арыз даярдалып, берилген. Бардыгы болуп 94төн ашык доо арыздарды сотко жөнөтүү пландалууда (долбоор даярдалган сайын бул көрсөткүч көбөйүшү мүмкүн). Борбор калаанын мэри А.Джунушалиев мэриянын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине шаардын тургундарына сейил бактын аймагында жайгашкан жеке турак үйлөргө биринчи кезекте соттук мүнөздөгү чаралар көрүлөрү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Бүгүндөн тарта бекитилген иш планга ылайык, Мамлекеттик курулуш шаардык кызматтар менен биргеликте курулуш стадиясында турган жана курулушка уруксаты жок бир катар объектилерди демонтаждоо иштерин башташы керек. Ошондой эле алардын жер тилкелеринин чегинен чыгып кеткен бир катар имараттардын айланасындагы тосмолорду жана дубалдарды алуу пландаштырылган.
Жыйындын жыйынтыгында борбор калаанын мэриясынын түзүмдөрүнө доо арыздарды даярдоо, башка зарыл уюштуруу-укуктук иштерди жүргүзүү, ошондой эле калк арасында маалымат иштерин күчөтүү боюнча ишти тездетүү тапшырылды.

Связанный пост