Салык кызматкерлери 3 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташуу фактысын аныктады

 Салык кызматкерлери 3 тонна күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташуу фактысын аныктады

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташуу фактыларын аныкташты.

Тактап айтканда, “Сосновка” постунда 4 миң литр күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу фактысына бөгөт коюлган.

Ошондой эле Ысык-Ата районунда рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө тиешелүү документтери жок 3 тоннага жакын күйүүчү май ташыган унаа кармалды.

Продукция тартып алынып, транспорт каражаттары айып токтотуучу жайга киргизилди. Материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет.

Связанный пост