Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо уланууда
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши жигердүү уланууда.
ӨКМден билдиришкендей, суучулдар учурда Ысык-Көлдүн Каракол булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-марттан баштап 17-апрелге чейин 2,5 тонна таштанды, 18 миң 900 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Белгилей кетсек Ысык-Көлдү масштабдуу түрдө тазалоо иши президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде ишке ашууда.