Бонецкий лабораториясына пандемия маалында бааларды жогорулаткан үчүн 423 млн сом айып салынды
Бонецкий лабораториясына 423 млн сом айып салынды. Алар пандемия маалында бааларды жогорулаткан. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Ведомство тарабынан лабораториялык изилдөө рыногунда КРнын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузгандыгы үчүн “Интелмед” ЖЧКнан (Бонецкий лабораториясы) көрсөтүлгөн сумманы республикалык бюджетке төлөтүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кызмат тарабынан жүргүзүлгөн талдоого ылайык,“Интелмед” ЖЧКсы өзгөчө кырдаал убагында (Covid-19 пандемиясы) өзүнүн үстөмдүк абалынан пайдаланып,коронавирустук инфекцияны ПЧР-тестирлөө жүргүзүү кызматтарына монополиялык жогорку бааларды койгон.