Нарын шаарында коомдук танспорттор текшерилди
Нарын шаарында коомдук танспорттор текшерилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү Нарын шаарынын автобекетинде жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун айдоочулары менен жеринен жолугуп, текшерүү жана жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Текшерүү учурунда техникалык бузуулары бар маршруттук унааны каттамга чыгаргандыгы үчүн, кошумча жабдууларды мыйзамсыз орноткондугу үчүн, тийиштүү айып пулдар салынды.
Ошондой эле коомдук унаалар каттамга чыгуу учурунда сөзсүз техникалык кароодон өтүүсү, айдоочу наркология бөлүмүнөн текшерилүүсү зарыл экендиги эскертилип, ошол эле учурда жол кире акысын өз алдынча көтөрүп албоо керек экендиги катуу эскертилди.