Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетте 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматы угулду
Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 4-октябрындагы № 1459-VII токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду.
Жыйында баяндама жасаган Энергетика министри Таалайбек Ибраев аталган токтомдун ар бир пунктуна токтолду. Анын айтымында, бүгүнкү күндө республика боюнча электр энергиясын керектөө 17 млрд кВт\саатты түзүүдө. «Бул көрсөткүч 2010-жылдан бери тартыштык жыл сайын 4-5%га же болжол менен 3,5-4,7 млрд кВт\саатка көбөйгөнүн көрсөтүп турат», – деди.
Муну менен катар министр электр энергиясына болгон тартыштыкты жабуу максатында коңшу жана өнөктөш өлкөлөрдөн 2024-жылдын 1-мартына карата электр энергиясын импорттоонун көлөмү 513,1 млн кВт\саатты түзгөнүн маалымдады.
«Учурда республика боюнча бюджеттик мекемелер 95% көмүр менен камсыздалган. Калк 102% көмүр менен камсыз болгон. Ал эми Бишкек шаарынын ЖЭБи 78,9% көмүр менен графикке ылайык камсыздалып, кампадагы көмүрдүн калдыгы 258,582 миң тонна түзөт. Ош шаарынын ЖЭБи 85% мазут менен графикке ылайык камсыздалган», – деп кошумчалады Таалайбек Ибраев.
Талкуу маалында комитет жогоруда аталган токтомдун 2-пунктуна ылайык, Министрлер кабинетине 13 пункттан турган сунуштар берилип, анын ичинен 9 пункт аткарылгандыгын, 1 пункт аткарылбагандыгын жана 3 пункт боюнча толук кандуу маалымат берилбегендигине байланыштуу жарым-жартылай аткарылды деп белгиледи. Тагыраагы, «Дыйкан – Кара-Кече автожолунун 0-2,8 км участогуна асфальт төшөө маселесин кароо» пункттун аткарылышы боюнча тийиштүү иш-чаралар толук кандуу жүргүзүлбөгөндүгү айтылды.
Жыйынтыгында аталган токтомдун аткарылышы тууралуу Энергетика министрлигинин маалыматы эске алынды.