Жогорку Кеңештин комитети улуттук валютага байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулады
Жогорку Кеңештин комитети улуттук валютага байланыштуу мыйзам долбоорун талкуулады.
Бүгүн, 1-апрелде Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетте «Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жактырылды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Айсаракан Абдибаева, Улугбек Ормонов жана Бахридин Шабазов.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Айсаракан Абдибаева белгилегендей, документ Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдигинин статусун аныктоо, улуттук валютаны жүгүртүүдө келип чыгуучу укуктук мамилелерди жөнгө салуу, улуттук валютада накталай эмес акча жүгүртүүнүн инфраструктурасын уюштуруу максатында иштелип чыккан.
Өлкө ичинде соода жүгүртүүдө жалаң улуттук валютаны колдонуу, ал эми экономикалык ишмердигинде киреше-чыгашасы чет өлкө валютасында болгон субъекттерге экспорт жана импортко байланыштуу соода ишин башка валютада жүргүзүүгө уруксат берүү сунушталууда.
Тармактык комитетте мындан тышкары «Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрү киргизүү тууралуу маселелерди карады.