«Манас» бажысынын кызматкерлери зер буюмдарды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюшту

«Манас» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Стамбул-Бишкек каттамы боюнча келген жүргүнчүлөрдү бажы контролунан өткөрүүнүн алкагында декларацияланбаган товарларды бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча «М.М.» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалды.

 

Жүргүнчүнүн кол жүгүнөн жана анын коштолуучу жол жүгүнөн төмөнкүлөр табылган:

37 даана (144,09 грамм) санда алтын зер буюмдары.

180 даана санда бижутерия буюмдары,

капчыктар, портмонелер 36 даана санда

18 санда шымдын курлары

 

Факт КБР МКЖ АДСга катталып, чогултулган материалдар КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост