Акылбек Жапаров Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү

 Акылбек Жапаров Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустинге Москвадагы терактка байланыштуу телеграмма жөнөттү.

 

«Крокус Сити Холлдо көп сандаган курмандыктарга алып келген террордук чабуулга байланыштуу менин чын жүрөктөн жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети зарыл болгон ар тараптуу жардамдарды көрсөтүүгө жана жапа чеккендерге колдоо көрсөтүүгө кошулууга даяр. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, колдоо көрсөтүү сөздөрүн жеткирип коюшуңузду өтүнөм», – деп айтылат билдирүүдө.

Связанный пост