Ирандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Ирандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Иран Ислам Республикасынын Президенти Сейед Эбрахим Раиси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Сейед Эбрахим Раиси Нооруз -бул байыркы салт гана эмес, тынчтыктын, ынтымактын жана жаңылануунун символу экенин, региондогу элдердин маданияты менен тарыхында бекем орун алгандыгын белгиледи.

“Жазгы күн менен түндүн теңелиши жана жаратылыштын гүлдөп, жердин кубулушу менен бардык адамдардын жүрөгүн жана рухун жакшы, жогорку сапаттар ээлеп, ал эми жаман жана ыплас нерселер адамдын жүрүм-турумунан жана иш-аракеттеринен жоголот, адамдардын жашоо шартында терең өзгөрүүлөр орун алып, ошондо биз коомдун өсүп-өнүгүшүнө күбө болобуз деп ишенем”, – деп айтылат Иран Ислам Республикасынын Президентинин куттуктоосунда.

Сейед Эбрахим Раиси Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүү жана бакыт каалады.

Связанный пост