Кыргызстандын аймагында ККМдин 33 түрдүү модели колдонулат
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында ККМдин 33 түрдүү модели колдонулат, алардын ичинен 18и программалык жана 15и аппараттык. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, аларды ишке ашырууга жана тейлөөгө жеке компаниялар катышкан 26 техникалык тейлөө борбору укуктуу. ККМдин баалары жана тейлөө тарифтери моделине жараша өзгөрүп турат.
Белгилей кетсек, 12-мартта Жогорку Кеңештин депутаты комитеттин жыйынында “ККМ кимдир бирөөнүн бизнеси” деп айткан. Буга байланыштуу МСК төмөнкүлөрдү билдирет:
“Контролдук-кассалык машина — төлөмдөрдү контролдоо жана фискалдаштыруу үчүн колдонулуучу аппарат. Ал бардык соода операцияларын белгилеп, сатып алуучуга чек берет жана маалыматтарды автоматтык түрдө салык кызматынын бирдиктүү маалымат системасына жөнөтөт.
Өлкөнүн аймагында ККМди киргизүү боюнча алгачкы кадамдар 90-жылдардын ортосунда эле башталган. Башында базарларда жеткиликтүү болгон ККМ моделдеринин техникалык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болуп жана баасы жогору болгон.
Бирок, маалыматтык технологиялардын өнүгүшү жана санариптештирүүнү киргизүү менен бул көйгөйлөр жоюлду. ККМдин программалык моделдери иштелип чыгып, аларды орнотуу көп чыгымдарды талап кылбайт жана тейлөө тарифтери минималдуу.
Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, ККМди киргизүү көмүскө экономика менен күрөшүүдө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоодо маанилүү роль ойнойт.Контролдук-кассалык чек акчалай эсептешүүлөрдөгү операцияларды жүргүзүү фактысын ырастоочу баштапкы документ катары эсептелет.
Ошентип, ККМди сатуу чөйрөсү ачык болуп саналат, мыйзамдарда ККМге жана техникалык тейлөө борборлоруна гана талаптар белгиленет.
Мындан тышкары, ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында Салык кызматы акысыз 10 миң даана ККМ таратты, бүгүнкү күндө дагы 32 миң контролдук-кассалык машиналардын келиши пландаштырылууда”.