Кыргызстандын түштүгүндө жылытуу мезгили этап-этабы менен аяктоодо
Кыргызстандын түштүгүндө жылытуу мезгили этап-этабы менен аяктоодо. Бул тууралуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын буйругуна ылайык, 15-17-18 март күндɵрү тɵмɵнкү филиалдарда жылуулук берүү токтотулду:
-«Оштогу райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын 6 отканасы токтоду, калган 3 откана иштеп жатат;
-«Жалал-Абаддагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси» филиалынын бардык отканалары токтоду;
-«Майлуу-Суудагы жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалынын бардык отканалары токтоду;
-«Таш-Көмүрдөгү жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалынын бардык отканалары токтоду.
Эскерте кетсек, эгерде 5 күн катары менен термометр боюнча орточо суткалык температураны +8 градустан жогору кɵрсɵтсɵ, жылуулук берүү токтотулат.
Филиалдар алдыдагы 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрө баштайт.