Санариптик өнүктүрүү министрлиги Гарвард университети менен IT багытында кызматташат

 Санариптик өнүктүрүү министрлиги Гарвард университети менен IT багытында кызматташат

Күн мурун санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Гарвард университетинин өкүлдөрүн Ниса Габба – Tutelligence долбоорунун негиздөөчүсүн, Фарри Габба – McKinsey&Company жана Касси Габба- Boston Consulting Group компанияларынын аналитиктерин кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр Кутнаева Кыргызстанда билим берүү чөйрөсүндө “жасалма интеллектти” жайылтуу боюнча долбоор менен тааныштырды. Тараптар өлкөдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Министр “жасалма интеллект” Кыргызстандагы санариптештирүү процессиндеги маанилүү багыт экенин белгилеп, министрликтин Гарвард университетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда IT багыты боюнча иш-чараларды биргелешип өткөрүүгө жана бардык кызыкдар өнөктөштөрдү тартууга даярдыгын билдирди.

Связанный пост