«Манас» бажысы мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Зыяндын суммасы 6 млн сомду түзгөн
«Манас» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМКнын 6-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте бажылык укук бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.
«Х.Д.Ф» ЖЧКсы «Алымсыз соода» жол-жобосуна жайгаштыруу менен алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарын жана тамак-аш азыктарын алып келген.
Бирок алымсыз соода дүкөнүн текшерүү учурунда бажы шарттарында декларацияланбаган товарлар, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнө сатылган товарлар ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылбаганы аныкталган. Төлөөгө тиешелүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 5 951 138 сомду түзгөн.
Мындан тышкары, «Х.Д.Ф» ЖЧКсы бажы органына берген отчеттордо БАМСтын маалымат базасында маалыматтар болгон эмес, ушуну менен атайылап жалган маалыматтар берилген, бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу болуп саналат.
Факт КБР МКЖ АДСга катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.