Быйылкы жылдын эки айында Чүй облусуна 138,6 млн сом бөлүндү
Чүй облусу боюнча 2024-жылдын 2 айында республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 52,4 млн сом өлчөмүндө каржыланды.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- теңдөөчү трансферт – 44,0 млн сом;
- айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 7,9 млн сом;
- электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 0,5 млн сом;
Мындан тышкары, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 86,2 млн сом бөлүнүп берилди.