Чүй облустук милициясына 20 жаңы кызматтык унаа тапшырылды
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына 20 жаңы кызматтык унаа тапшырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү автоунааларды тапшыруу иш-чарасы Чүй облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форумдун алкагында бүгүн Бишкекте тапшырылды.
Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышты.
Жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Чүй ОИИББдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов райондук жана Токмок шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө жана Чүй ОИИББдин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилди.