Депутат Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшырды
 
			
    Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаевди мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан ажыратты.
Документте депутат жеке арызынын негизинде “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынан депутаттык мандатынан ажыратылганы айтылат.
БШК депутаттын күбөлүгүн жараксыз деп тапты.
 
								 
                                     
                                    