Баткенде 161млн сомдук БСРдин курулушу башталды
Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген айылына сугат суу кампасы (БСР) курулууда. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Аталган обьектке КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев барды.
Учурда тургундардын үлүш жерлеринен чыккан жер астындагы суулар
топтолуп пайдаланылбай турат.
Топтолгон суулар үчүн суу кампасы курулса 500 миң куб сууну пайдаланууга шарт түзүлөт.
Натыйжада Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын 1500 га сугат аянтына суу жетет.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн, учурда республикалык бюджеттен 6млн 390 миң сом бөлүнүп, механикалык тазалоо иштери жүрүүдө.
Алдын ала эсептөө боюнча БСРди толук бүткөрүүгө 161,0 млн сом сарпталат.