“Ош” аэропортунда туман тарап, каттамдар жандандырылууда

 “Ош” аэропортунда туман тарап, каттамдар жандандырылууда

“Ош” аэропортунда каттамдар жандандырылууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

“Туман тарагандыгына байланыштуу саат 13:30дан тарта аба каттамдары жандандырыла баштады”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, коюу тумандан улам бүгүн, 27-январда саат 03:20дан тарта “Ош” эл аэропортунда бардык аба каттамдары убактылуу кармалып турган.

Связанный пост