А.Алимбаев: Туризм – Баткен облусун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР Министрлер Кабинетинин жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жыйынында, Баткен облусунун туристтик потенциалын жогорулатуу боюнча маалымат берди. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Бул багытта 2023-жылы облуста бир катар долбоорлор даярдалып,бир канчасы ишке ашты.
Ички жана чет элдик туристтерди Баткендин Айгүл тоо, Мадыген аймагы, өрүк, күрүч, нукура килем, кооз жаратылыш, бийик тоолор, тарыхы жана башка туристтик элементтери кызыктырып келет.Аймакта дарылык касиети күчтүү минералдык жана термалдык булактардын чоң запастары, цивилизация тарабынан дээрлик бузула элек экологиялык таза ландшафты, байыртадан эле коңшу мамлекеттерден зыярат кылуучу объект болуп келген көптөгөн ыйык жерлер, тарыхый жана архитектуралык жайлар бар.
-Баткен жергесинде жайгашкан уникалдуу, эталондук жаратылыш мурастары бар аймактарды сактоо максатында, Баткен районунда жалпы аянты 8 160 гектарды түзгөн “Мадыген” жаратылыш эстелиги түзүлдү.
Мадыген аймагын таанытуу максатында, бул аймакта чет элдик жана жергиликтүү журналисттердин, блоггерлердин, Фергана облусунан келген делегациянын катышуусунда 4 жолу инфо-тур уюштурулду. Бул иш-чаранын негизги максаты – аймакты туристтик багыт катары таанытуу жана облустун аймагындагы туристтик компаниялар үчүн жаңы маршруттарды ачуу болуп саналат.
-Бул максатта 2023-жылдын 27-28-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Туризм департаменти, эл аралык жана ата-мекендик өнөктөштөрдүн колдоосунда “Айгүл-Тоо”, “Баткен күрүчү”, “Көчмөндөрдүн тамак ашы” аттуу фестивалдары, кол өнөрчүлөрдүн “Кыргыз килеми” эл аралык жарманкеси менен коштолгон эл аралык туристтик форуму өттү.
-”Кыргыз Республикасынын токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун алкагында, Дүйнөлүк банктын жана Глобалдык Экологиялык Фондтун каржылоосу менен, 2021-2023-жылдар аралыгында жалпы суммасы дээрлик
34 млн сомго “Дугаба” альпинисттик-туристтик базасы толук жаңыланып, келген конокторду кабыл алууга баардык шарттар түзүлдү.
-Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен биргеликте Баткен жергесинде туристтик инфратүзүмдү жакшыртуу максатында бир катар туристтик долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери жүрүүдө.
-Алсак, Баткен шаарынын борбордук эс алуу багында туристтер эс алуучу жай – Рест Поинт курулуп,ачылуу алдында турат.
-Мындан сырткары, Баткен шаарында “Баткен Резорт” 4 жылдыз мейманканасын куруу үчүн Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилди.
– Баткен облусунун туристик картасы жана туристтер үчүн колдонмо баракчалары иштелип чыкты. Бул карта туристтерге маалымат, колдонмо баракчасы ,болуп калат. Ошону менен бирге, Баткен облусунун туристтик дараметин жайылтуу багытында интернет социалдык баракчаларына облустун туристтик дараметин чагылдырган видеороликтер таратылууда.
Бүгүнкү күнгө, облус аймагында туризм тармагын өнүктүрүү максатында бир канча долбоорлор даяр.Маселен,
-Айгүл-Тоо өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүү долбоору. Бул дүйнөдө сейрек кездешүүчү гүлдү көрүү үчүн жыл сайын миңдеген туристтер келишет. Гүлдөрдүн санын көбөйтүү жана туристтер үчүн шарттарды түзүү максатында, өткөн жылдан тартып 3 жылга кирүүгө убактылуу тыюу салынган. Бул жылдар аралыгында аймакты өнүктүрүү багытында этап-этабы менен ишке ашуучу эскиздик долбоор даярдалган.
-Баткендин өрүк зарларына туристтерди тартуу максатында өрүк зарларды көрүү жана аралап жүрүү үчүн атайын байкоо аянтчаларын курууну, ал эми жайлоолорго жай-кыш мезгилине ылайыкташтырылган глемпингдерди уюштуруу пландаштырылган.
-Баткен облусуна келген туристтердин саны жыл ичинде 24 миңден ашкан.
– Лейлек районунда Төө-Жайлоо жана Кадамжай районунда Шивели тоо лыжа кластерин куруу долбоору.
Жогоруда сунушталган инвестициялык долбоорлор ишке ашырылса, облус аймагында төрт мезгилди камтыган туристтик мезгил пайда болуп, экономиканын өнүгүүсүнө тынымсыз инвестиция кылган, туруктуу багыт пайда болот.