Президенттин басма сөз катчысы “КР мамлекеттик символдору жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу түшүндүрмө берди

 Президенттин басма сөз катчысы “КР мамлекеттик символдору жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу түшүндүрмө берди

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгени тууралуу түшүндүрмө берди.

 

Алагөзов мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине жарыялангандан тартып күчүнө киришин белгилеп, мындан тышкары, ушул мыйзамга ылайык Министрлер Кабинети мамлекеттик туунун техникалык өзгөчөлүктөрүн өз токтому менен бекитиши керектигине токтолду.

 

“Ошонун негизинде анан жаңы желек жасалып, имараттардагы туулар алмаштырылат. Башкача айтканда белгилүү бир убакытты алат. Белгилей кетсек, азыркы мамлекеттик желекке аяр мамиле жасоо талаптары жаңысы илинген учурда деле күчүндө калат. Бул Президент Садыр Жапаровдун так тапшырмасы”,-деп белгиледи Алагөзов социалдык баракчасында.

Связанный пост