Бакыт Төрөбаев: Курулуш үчүн 2024-жылга 8 млрд сом бекилди, бирок убагында мындан дагы кескин көп болот
Курулуш үчүн 2024-жылга 8 млрд сом бекилди, бирок убагында мындан дагы кескин көп болот. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин жыйынында билдирди.
Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев, 2024-жылга жалпысынан 381 объектте курулуштарды пландалып жатканын билдирди.
“Анын ичинде 248 объект жаңы курулат, 80 объект 1 млрд сомго капиталдык оңдоодон өтөт. Узакка созулган 135 объект бүтөт. 55 айылга таза суу кирет. 2024-жылы жаңы 154 мектеп жана 45 бала бакча курулушун пландаштырылууда. Андан тышкары, 58 мектеп жана 5 бала бакчада оңдоп-түзөө иштери пландаштырууда. 2025-жылга чейин 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Мындан тышкары, 2024-жылы Саламаттык сактоодо 1 млрд сомго 23 объект курулат.