Салык боюнча план 3,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

 Салык боюнча план 3,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басарлары 2023-жылдын 14-декабрында пресс-конференцияда Салык кызматынын 11 айдагы ишинин жыйынтыгы, салык системасын санариптештирүү жана товарлардын бааларына салыктар кандайча таасир этери тууралуу айтып беришти.

Салык кызматынын төрагасынын айтымында, 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 225 млрд 744,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. Белгиленген план 3,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 млрд сомго көп чогултулду.

Чогулган каражаттардын түзүмүндө 168 млрд 164 млн сом салык жана төлөмдөргө, 57 млрд 580,7 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнө тийиштүү.

Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү пландык көрсөткүчтөрдүн ашыгы менен аткарылышында негизги ролду ойноду.

Контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана санариптештирүүнүн башка долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун кыйла жакшыртты.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн арасында салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жана санариптик салык кызматтарын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да өз жемишин берүүдө.

 

Салык жол-жоболорун санариптештирүү цифралар жана фактылар

«СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн алкагында салыктык башкаруу системасында бир катар ири долбоорлор ишке киргизилип, иштеп жатат.

Анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, “Жыйынды пост” системасы, товарларды маркалоо, ККМ-онлайн, ишкердик субъекттердин дислокациясы, отчетту онлайн форматта берүү, электрондук рейддик салык контролу, “Салык төлөөчүнүн паспорту”, Stat.salyk.kg салыктык башкаруу боюнча ачык маалыматтар порталы, КНСти контролдоонун автоматташтырылган системасы, чет өлкөлүк уюмдар тарабынан аралыктан салыктык каттоодон өтүү үчүн vat.salyk.kg электрондук сервиси ж.б.

Электрондук эсеп-фактура

2023-жылдын 11 айында ишкердик субъекттер жүгүртүү суммасы 1,4 трлн сомдон ашык суммада 16,1 млн электрондук эсеп-фактура тариздешкен.

Жалпысынан 2020-жылдын 1-июлунан – ЭЭФти киргизүү башталгандан тартып, ишкерлер тарабынан 4,9 трлн сомго 37,2 млн электрондук эсеп-фактура жазылды.

Бүгүнкү күндө ЭЭФ 88 миң 557 салык төлөөчү колдонуп, жыл башынан тартып 44 миңден ашуун субъектке көбөйдү.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан баштап электрондук эсеп-фактураларды КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр, ал эми 2023-жылдын 1-майынан тартып жеке ишкерлер милдеттүү түрдө колдонушууда.

ЭЭФти киргизүүнүн аркасында КНС боюнча түшүүлөр көбөйдү, ошондой эле системаны максималдуу эффект менен туура пайдалануу көмүскө экономиканын көлөмүнүн олуттуу кыскарышына жана өлкөнүн бюджетине түшүүлөрдүн кыйла өсүшүнө таасирин тийгизүүчү инструмент болуп калды.

ККМ

Жаңы техникалык талаптарга жооп берген ККМди киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда өлкөдө 71 миң 296 ККМ колдонулууда.

ККМдин реестри түзүлүп, ага ККМдин 33 модели кирди. Салык кызматы 25 техникалык тейлөө борбору менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түздү.

Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды сатып алуунун жеткиликтүү шарттарын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле, техникалык тейлөө борбору менен ККМге болгон рыноктук бааларды төмөндөтүү жана аларды бөлүп төлөө шарттарында берүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ишкердик субъекттер үчүн ККМ алуунун максималдуу жеткиликтүү шарттарын жайылтуу жана берүү максатында бир катар банктар (Айыл Банк, РСК Банк, Керемет Банк, МБанк) POS-терминал функциясы камтылган гибриддик ККМди жайылтышууда.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз

Бүгүнкү күндө 100 миң 297 ишкер Салык кызматынын маалыматтык системасында катталып, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонушууда.

Аларга “ЭТТК” системасы аркылуу 14,1 млн электрондук документ түзүлгөн, алардын ичинен сатууга – 11,2 млн, эсептен чыгарууга – 978,9 миң, алып өтүүгө – 640,2 миң, кириштөөгө – 1,1 млн документ.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 15-майынан тартып ЭТТКны мунай жана мунай заттарды жана товарларды жүгүртүүчү салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөр, 2023-жылдын 1-январынан тартып товарларды жүгүртүүчү субъекттер колдонушат.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ.

ЭТТКнын шексиз артыкчылыгы анын ыкчамдуулугу болуп саналат, бул ишкердик субъекттерге бир нече мүнөттүн ичинде контрагенттер менен товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ алмашууга мүмкүндүк берет, ал эми мурда кагаз документтерди жөнөтүү күндөрдү, ал тургай жумаларды талап кылган.

Жыйынды пост” системасынын иштөөсүнүн аркасында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды ташып келген импорттоочулар коштомо кагаздарды кайда тургандыгына карабастан онлайн форматта тариздешет, ошондой эле Салык кызматынын сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу товарды ташып келүүгө салык органынан маалымкат ала алышат.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери импорттоочулар товарларды эсепке алуу пункттарына ташып келинген товарга 206 миң 775 коштомо кагазды тариздеп беришкен.

Салык кызматы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноодон тышкары салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды өркүндөтүүгө багытталган иштерди жүргүзүүдө.

Атап айтканда, өлкө боюнча салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү боюнча “Бирдиктүү терезе” тармагын кеңейтүүдө. Быйыл Ош шаарында Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борбору иштей баштады.

Онлайн режиминде салык кызматын колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Алсак, “Жеке салык кабинетин” 862 миң 550 салык төлөөчү пайдаланууда, 11 айда 255 миңге көбөйдү.

Мындан тышкары, 86 миң 240 салык төлөөчү электрондук санариптик кол тамганы пайдалануу менен отчет беришүүдө.

Мамлекеттик салык кызматы декабрдын башында Salyk.kg мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Ал “Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин” мобилдик версиясы болуп саналат.

Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкүлөрдү жүргүзө алышат:

– салыктарды төлөөнү;

– электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөөнү;

– электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөөнү;

– карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүүнү;

– салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырууну;

– салык органдарынан маалымкат алууга суроо-талап жиберүүнү;

– катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууну.

Salyk.kg тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот.

Патентти жана камсыздандыруу полисин бир документ менен онлайн алууга мүмкүн болгон “Э-патент” электрондук сервиси иштейт. Мында төлөөнү ар кандай электрондук капчыктардын, терминалдардын же онлайн-банкингдин жардамы менен накталай эмес жүргүзсө болот.

2023-жылдын башынан бери 2,1 млрд сомго 916 миң 604 электрондук патент жана 732,5 млн сомго 714 миң 937 полис берилген.

Учурда салык төлөөчүлөрдө MBank, BalanceKG, MegaPay жана Glovo мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук патент/полис алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Кызыктыруучу лотерея

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 25-30-декабрында “Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын утушунун экинчи этабын өткөрөт.

Бул күндөрү Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone 14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.

Жарандардын лотереяга катышуусу ишкерлердин контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуусун коомдук контролдоонун натыйжалуу формасы болуп саналат, ошондой эле аларга баалуу байгелерди утуп алууга мүмкүнчүлүк берет.

Лотереяга катышуу үчүн “Салык чек” тиркемесин жүктөп алуу жана товарларды же кызматтарды сатып алуудан кассалык чектерди сканерлөө жетиштүү.

Учурда Салык кызматынын лотереясына 389 миңден ашуун кыргызстандык катышууда. Жалпы суммасы 16,3 млрд сомдон ашык кассалык чек сканерден өткөрүлүп, 15,2 млн ID-номерлер ыйгарылды.

Салык кызматы бардык жарандарды лотереяга активдүү катышууга чакырат.

 

 

 

Товарлардын бааларына салыктардын тийгизген таасири

Салык кызматынын төрагасы А.Абдувапов товарлардын кымбатташына салыктын таасири тийбей тургандыгын мисал келтирүү менен түшүндүрдү.

Анын айтымында, коомчулукта товарлардын бааларына салыктар түздөн-түз таасир этет деген жаңылыш түшүнүк болууда.

Бирок, керектөөдөгү товарлардын акыркы бааларына салыктардын таасири коомчулук ойлогондон кыйла төмөн болушу мүмкүн.

Салыктардын бааларга тийгизген таасири керектөөчүлөр үчүн канчалык маанилүү экендигин тактоо үчүн – ун, уй эти жана өсүмдүк майы сыяктуу негизги азыктардын орточо наркындагы салыктардын үлүшүн мисалга алсак.

1 килограмм уй этинин орточо баасы 540 сом, андагы салыктын үлүшү 1,4 пайызды же 7,6 сомду түзөт.

Ушул эле жагдай унда (1 кг орточо баасы 42 сом) да бар, мында салыктын үлүшү 1,9 пайызды же 1 сомду түзөт. Күрүчтүн (1 кг орточо баасы 120 сом) жалпы баасына 1,3 пайыз же 1,6 сом салык кирет.

Өсүмдүк майы (1 кг орточо баасы 120 сом), башка азыктар сыяктуу эле, орточо баасынан салыктын суммасы 1,9 пайызды гана түзөт. Башкача айтканда, бир литр майдан салыктын суммасы эң көп дегенде 2,3 сомду түзөт.

Демек, товардын баасы өндүрүүчүнүн, импорттоочунун жана сатып алуучунун салык милдеттенмелеринен азыраак көз каранды, бул алардын продукциянын акыркы наркына чектелген салымын белгилейт.

Бул салыктардын баага анчалык таасир этпей тургандыгынан жана керектөөчү үчүн азыктын акыркы баасын түзүүдө анчалык маанилүү роль ойнобой тургандыгынан кабар берет.

Ишкерлер өз товарларына бааларды коюуда өндүрүш чыгымдары, базардагы атаандаштык, суроо-талап жана сунуш, ошондой эле дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр, алмашуу курстары жана тарифтик кагылышуулар сыяктуу көптөгөн параметрлерди карашат. Бул факторлор товарлардын наркына көбүрөөк таасир этиши мүмкүн.

Акыркы мезгилде өлкөбүздөгү салыктын ставкалары жогорулаган жок жана жаңы салыктар киргизилген жок. Ошондой эле бир катар өлкөлөргө салыштырмалуу салыктын ставкалары төмөн.

МСКнын басма сөз кызматы

612295, 614608

Связанный пост