Президенттин атайын өкүлү Дубайда Эл аралык тоолор күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты

 Президенттин атайын өкүлү Дубайда Эл аралык тоолор күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышты

Бүгүн, 11-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын” ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын Тараптардын конференциясынын (КС-28) 28-сессиясында Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун павильонунда өткөн Эл аралык тоолор күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чарага катышты.

 

Үстүбүздөгү жылы Эл аралык тоолор күнү “Тоо экосистемасын калыбына келтирүү” темасына арналган. Бул теманын алкагында БУУнун экосистемаларды калыбына келтирүү боюнча он жылдыгынын (2021-2030-жылдар) контекстинде тоолуу райондордун проблемаларын толук кандуу эсепке алууну камсыз кылуу, ошондой эле туруктуулукту жогорулатуу, аялуу жерлерди азайтуу жана тоолуу райондорду экстремалдык климаттык кубулуштарга натыйжалуу адаптациялоо үчүн зарыл болгон алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу жана инвестицияларды тартуу маселелери каралды.

 

Нурлан Айтмурзаев КС-28де сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун тоону сактоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкы артыкчылыктарынын бири экендигин жана Кыргызстан эл аралык тоо күн тартибин жетектөөдө абдан активдүү роль ойной тургандыгын баса белгиледи.

 

Президенттин атайын өкүлү жакшы иштеген тоо экосистемалары глобалдык маанилүү таза суу ресурстарын камсыз кылуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана планетанын ден соолугуна тийгизген таасири үчүн чечүүчү мааниге ээ экенин белгиледи. Ушул себептен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тоолор менен климаттын ортосундагы өз ара байланышты иликтөө үчүн глобалдык диалогду тез арада жөнгө салууну жактайт. Ошондой эле Нурлан Айтмурзаев маалымдагандай, Кыргызстан тоо өнөктөштүгү жана атайын жумушчу топтун мүчөлөрү (Task force) менен биргеликте дүйнө жүзү боюнча тоолуу аймактардын жашоо туруктуулугун жана туруктуу өнүгүүсүн жогорулатууга жана глобалдык деңгээлде тоолордун кызыкчылыгында натыйжалуу маалыматтык иштерди жүргүзүүгө багытталган беш жылдык глобалдык иш-аракеттер программасын иштеп чыккан.

 

Мындан тышкары, ал бардык өкмөттөрдү бул документти беш жылдык иш-аракеттер планын ишке ашыруу үчүн өздөрүнүн улуттук жол карталарын түзүү үчүн негиз катары колдонууга чакырды.

Связанный пост