Акылбек Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келген Түрк мамлекеттеринин уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында Астана шаарында өткөн Уюмдун 10-саммитинин жыйынтыгын, мамлекет башчылары кабыл алган чечимдердин аткарылышын, ошондой эле Уюмдун 2024-жылга карата пландарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Связанный пост