“Президенттин командасы” кезектеги “Мурас” достук турниринде жеңишке жетти

8-9-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн футбол боюнча кезектеги “Мурас” достук турнири аяктады.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Президенттин командасы” командасы биринчи орунду ээледи. Мелдешке 16 команда катышты.

Мамлекет башчысы турнирдин негизги максаты – сергек жашоо образын жайылтуу экенин айтты. Ал спорт ар бир адамдын жашоосунун бир бөлүгү болушу керектигин баса белгиледи.

“Турнир барган сайын жакшырып жатканы кубандырат. Муну командалардын оюнунан да көрүүгө болот”, – деди Садыр Жапаров.

Жеңүүчүлөргө чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Аягында эстеликке сүрөткө түшүштү.

Связанный пост