Бажы кызматы 11 айда бекитилген жылдык планды 106,5%га аткарды

 Бажы кызматы 11 айда бекитилген жылдык планды 106,5%га аткарды

Бүгүн бажы кызматынын 2023-жылдын 11 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы С.С.Исабеков, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары А.А.Салиев жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы өз сөзүндө бажы төлөмдөрү боюнча пландын аткарылышы тууралуу айтып берди. 2023-жылдын 11 айында бажы кызматы тарабынан 100,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыздалып, болжолдун аткарылышы 108,2%га аткарылган же 7,7 млрд сомго көп чогултулган.

Белгилей кетсек, 2023-жылга бажы төлөмдөрүнүн түшүү болжолу 94,6 млрд сом өлчөмүндө бекитилген. Бул план үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрында эле аткарылды. Ал эми 11 айдын жыйынтыгы менен бажы кызматы бекитилген жылдык планды 106,5% аткарды же 6,1 млрд сомго көп чогултту.

2023-жылга бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн такталган болжолу (долбоор) 107,6 млрд сомду түзөт, бул бекитилген болжолдон 13 млрд сомго көп. 2023-жылга бажы төлөмдөрүнүн күтүлүп жаткан түшүүсү 111,1 млрд сомду түзөт же такталган божомол 103,3%га аткарылышы күтүлүүдө же 3,5 млрд көп чогултулат.

2023-жылдын 11 айында Кыргыз Республикасынын бюджетине ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 23,2 млрд сом алымдар түшүп, болжол 105,8%га аткарылган.

Мында 2023-жылдын 11 айында Кыргыз Республикасы тарабынан ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө которулган бажы алымдарынын көлөмү 43,8 млрд. сомду түздү. Ошентип, 2023-жылдын 11 айында Кыргыз Республикасы тарабынан 20,6 млрд сомго көп алымдар которулган.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө бажы кызматынын укук коргоо ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы да айтылды.

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндөгү 5547 укук бузуулар жана кылмыштар аныкталып, келтирилген зыяндын суммасы 941,8 млн сомду түзгөн.

Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча 251 материал өткөрүлүп, алар боюнча 310,9 миллион сом зыяндын орду толтурулган. Бюджеттин кошумча кирешелеринин көлөмү 657,6 млн сомду түздү.

Мындан тышкары, бажылык башкарууну санариптештирүү жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү алкагындагы долбоорлор, мисалы, электрондук өткөрүү пунктун жана чек арадагы мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын өз ара аракеттенүү системасын киргизүү боюнча маалымат берилди.

Белгиленгендей, бизнес-процесстерди оптималдаштыруу менен бирге инфраструктураны өнүктүрүү, модернизациялоо жана өткөрүү пункттарын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынын убактысын кетирүү менен эффективдүү контролду камсыз кылуу үчүн аны заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу пландаштырылууда.

Андан кийин маалымат жыйыны суроо-жооп форматында өтүп, анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү бажы кызматынын ишмердүүлүгү боюнча кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Связанный пост