Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
«Сиздин туулган күнүңүзгө байланыштуу менин куттуктоолорумду жана жакшы тилектеримди кабыл алыңыз. Сизге чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө жаңы ийгиликтерди, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык, бейпилдик жана туруктуу гүлдөп-өнүгүү каалайм.
Жакында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумунун аянтчасында өз ара түшүнүшүү жана өз ара урматтоо маанайында биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелердин актуалдуу маселелерин ар тараптуу талкууладык.
Бул жолугушуунун оң натыйжаларына канааттанганымды билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы бардык деңгээлдеги мамлекеттер аралык диалогду улантууга кызыкдар экенибизди баса белгилейм. Тажик-кыргыз достук, ынак коңшулук жана кызматташтык мамилелери биргелешкен күч-аракеттердин аркасында мындан ары да өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда өнүгө берет деп ишенем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.