Кыргызстан менен Иорданиянын ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду

 Кыргызстан менен Иорданиянын ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду
2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Карагулов Иордания Хашимит Падышалыгынын борбору Амман шаарына болгон иш-сапарынын алкагында, Иорданиянын Тышкы иштер жана эмигранттар министрлигинин дипломаттык жана эмигранттар иштери боюнча Башкы катчысы Мажид Салжи Аль-Катарна менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иордан мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты, айрыкча эки өлкөнүн ортосунда министрлер аралык өз ара сапарларды уюштурууну жана билим берүү, кош салыктан бошотуу, туризм жана түз аба каттамдарын түзүү багыттары боюнча укуктук-келишим базаларын кеңейтүүнү макулдашты. Мындан тышкары, кызматташуунун бардык тармактары боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу максатында жакынкы аралыкта ТИМдер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүүнүн зарылчылыгын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Иордания Хашимит Падышалыгынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө Элчи А.Карагулов Иордания Хашимит Падышалыгынын Соода-Өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен соода жана инвестиция тармагында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Айрыкча, тараптар соода, мейманкана иштетүү, турак жайларды куруу долбоорлорунун жүрүшү жана башка тармактарда маалымат алмашышып, бул багытта ишти улантууну макулдашышты.

Связанный пост