Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

 Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

 

2021-жылдын 15-апрелинде Аламүдүн РИИБине 1997-жылы туулган Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда бала бакчага документ жасап берем деген шылтоо менен ишенимине кирип, алдоо жолу менен ири суммадагы акча каражатын алып, ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөнүн айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аламүдүн РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматынын жүргүзгөн ыкчам иш-чарларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1983-жылы туулган Э. Г. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалган жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Ошол себептен бул адамдан жапа чеккен жарандарды ички иштер органдарына кайрылууга чакырат: Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмү 0312 36 35 27, 0312 36 35 23

Связанный пост