Баткенде 1 миңден ашуун наристе бала бакчага барууга кезекте турат

 Баткенде 1 миңден ашуун наристе бала бакчага барууга кезекте турат

Баткенде 1 миңден ашуун наристе бала бакчага барууга кезекте турат. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан кабарлашты.

Шаарда жалпы 12 балдар бакчасы бар. Алардын 6су мамлекеттик балдар бакчасы, калган 6су жеке менчик балдар бакчасы болуп эсептелет.

Облустун борбору болгон Баткен шаарында 35 миңден ашуун калк жашайт. Ошондой эле шаардагы ички миграциядан улам калктын саны мындан да жогору экендиги белгилүү.

Бала бакчага баруу үчүн 1000ден ашуун бала кезекте турат. Ошондуктан балдар бакчасын куруу муктаждыгы орчундуу маселеле бойдон келүүдө. Бул маселени жеңилдетүү максатында шаардык бийлик келерки 2024-жылга АРИС уюму менен биргеликте 140 орундуу бала бакча куруу планын койгон.

Белгилей кетсек буга чейин 2019-жылы Кызыл-Жол кварталында 140 орундуу типтүү балдар бакчасы курулуп пайдаланууга берилген.

Учурдагы 6 мамлекеттик балдар бакчасы жалпысынан 626 балага ылайыкташкан болсо, бүгүнкү күндө 1427 бала тарбияланууда.

Ал эми 6 жеке менчик балдар бакчасында 15 тайпада жалпы 393 бала тарбияланып келет.

Связанный пост