Жылдын башынан бери түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери 367 соттолгон адамды паспорт менен камсыз кылды

 Жылдын башынан бери түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери 367 соттолгон адамды паспорт менен камсыз кылды
Соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Жазаларды аткаруу кызматынын №8 түзөтүү мекемесинин администрациясы Москва районунун КТБ менен биргеликте 45 соттолгонду Кыргыз Республикасынын жаранынын идентификациялык картасы-паспорттору менен камсыз кылды. Жакын арада №8 түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жаткан дагы 50гө жакын соттолгондорго паспорт берүү жана тариздөө иштери күтүлүүдө.
2023-жылдын башынан бери түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери 367 соттолгон адамды паспорт менен камсыз кылууга жетишишти. Ошол эле учурда, мекеменин социалдык кызматкерлеринин туш болгон негизги көйгөйү-айрым соттолгондордун паспорт алуу үчүн акы төлөө мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу. Мындай учурларда, кээде мекемелердин администрацияларына жардамга муктаж соттолгондор үчүн паспорттук кызмат үчүн акы төлөгөн коомдук уюмдар менен биргеликте иш алып барууга туура келет.
Соттолгондорду кайра социалдаштыруу жана социалдык адаптациялоо боюнча иштин негизги милдеттери, аларга паспорт алууга көмөк көрсөтүүдөн тышкары, соттолгондорду социалдык коргоонусун камсыз кылуу (анын ичинде соттолгондорду социалдык жана пенсиялык камсыздоого укугун ырастоочу документтер менен камсыз кылуу жолу менен), бошотулгандан кийин социалдык-маданий өнүктүрүүгө, социалдык пайдалуу байланыштарды калыбына келтирүүгө жана чыңдоого, эмгектик жана турмуш-тиричилик жактан жайгаштырууга жардам көрсөтүү болуп саналат.
Аталган ишке жаззык-аткаруу тутуму тарабынан башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ар кандай өкмөттүк эмес уюмдар жана коомдук түзүлүштөр тартылат.

Связанный пост