Караколдо өлгөн мал союлуп келген касапкана аныкталды

 Караколдо өлгөн мал союлуп келген касапкана аныкталды

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында жайгашкан мал союлуучу жай тиешелүү уруксат документтери жок, өз билемдик менен ачылып иш алып барып келген. Жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде, күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында, бул мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп, өлгөн малдын этин союп келгени аныкталды. Бул себептен аталган мал союлуучу жай Ветеринардык кызматтын жетекчисинин тапшырмасы менен ишин токтотту.

 

Кыргыз Республикасында тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында, Ветеринардык кызмат тарабынан 100 мал союучу жай катталып, анын 28 ветеринардык-санитардык талаптарды жооп бербегендигине байланыштуу убактылуу жабылган.

 

Буга чейин тез татым коомдук тамактануучу жайларында келип чыккан жарандык массалык ууланууга байланыштуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, Ветеринардык кызматтын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 109 субъектиге пландан тышкары текшерүү жүргүзүү макулдашылып, бүгүнкү күндө 83 субъектиге текшерүү жүргүзүлгөн.

 

Текшерилген субъектилер ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн жалпы 108 500 сом айып пул салынган.

 

Мындан сырткары республика боюнча 350 субъектиге мониторинг жүргүзүлүп жана эт азыктарынан үлгүлөр алынып, Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна тапшырылды.

 

Тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында, мындай текшерүүлөр республика боюнча жүргүзүлүүдө.

Связанный пост