Жалал-Абадда эки жаңы Rest Point ачылды
Бишкек-Ош трассасында бүгүн эс алуучу эки жаңы Rest Point ачылды. Алардын бири Жалал-Абад шаарында, экинчиси Кара-Көл шаарынын кире беришинде жайгашкан.
Rest Point–бул жайда туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу жана гаджеттерин заряддоо мүмкүнчүлүгү бар. Анда каалоочулар кофе же чай ичип, эс алууга болот. Аны менен бирге дааратканалар, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык муктаждыктар үчүн бөлмө, ошондой эле электр унааларын кубаттоочу станциялар бар.
Ар бир Rest Point туристтик интерактивдүү дисплейге ээ, анда саякатчыларга керек болгон бардык маалыматты камтыган – маршруттар, аттракциондор жана жакынкы кызыктуу жерлер жөнүндө маалымат алууга болот. Эс алуу пункттары жыл бою иштейт. Алар жылуулук, ысык суу жана канализация менен камсыздалган.
Rest Point`тун ачылышына Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти Болотбек Дыйканбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев жана Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышты.