ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 16,5 миңге чукул  жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

 ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 16,5 миңге чукул  жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 13-ноябрынан  тартып, 19-ноябрына  чейин, алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында 16 454 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-242;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -275;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-41;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-582;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2630;

-Авто ээнбаштык – 5;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4197;

-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –8479;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1302 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост