Ош базарында жасалма чай саткандар аныкталды
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования дарегине «Champion» товардык белгисин колдонуп, чайларды өндүрүү жана сатуу жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагында ак ниет эмес атаандаштыкты алып баруу боюнча “Бета Кыргызстан Интернэшнл” ЖАК тарабынан кайрылуу арыз келип түшкөн.
“Бета Кыргызстан Интернэшнл” ЖАК өкүлдөрү тарабынан Ош базарында А.Н.А. аттуу жаран тарабынан «Champion» аталышы менен бири-бирине окшош “Бета Кыргызстан Интернэшнл” ЖАК чыгарган чайлар сатылып жаткандыгы аныкталган.
“Бета Кыргызстан Интернэшнл” ЖАК тарабынан берилген материалдарды кароо учурунда, жогоруда аталган продукция “Бета Кыргызстан Интернэшнл” ЖАКына тиешеси жок экендиги аныкталгандыктан, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын укуктук ченемдери бузулган.
Тагыраагы, А.Н.А. аттуу жаран тарабынан Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүмүнүн 5-пункту бузулган.
Кароонун жыйынтыгында, Кызмат монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилерин камтыган иш-аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуу жөнүндө эскертүү берген.
Кызматтын эскертүүсү белгиленген убакытта аткарылды.