Жогорку Кеңеште 100 миң сом салыктан карызы бар жарандарды өлкөдөн чыгарбоо сунушталды
“Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору четке кагылды.
Мыйзам долбоору тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова баяндама жасады.
“КР Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуунун максаты Жалал-Абад шаардык сотунун судьялары Калмамат уулу Алтынбектин жана Апысова Аида Айдаралиевнанын суроо-талабына байланыштуу КР Салык кодексинин 87-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча КР Конституциялык сотунун 2022-жылдын 29-июнундагы чечиминин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнүн 4-пунктунда баяндалган укуктук позицияны ишке ашыруу болуп саналат.
Ошентип, Конституциялык соттун чечиминин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө судьялардын суроо-талабынын мазмунуна ылайык талаш болуп жаткан ченемдер кайрылуу субъекттеринде алардын ачык эместиги гана эмес, ошондой эле 1 000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан өлчөмдө салыктык карызы бар салык төлөөчүнүн тышка чыгуусун чектеген тартипти процесстик регламенттөөнүн жоктугу күмөн жаратып жаткандыгы көрсөтүлгөн.
Талкууда депутат Чингиз Айдарбеков салыктан карызы бар тараптарга киргизилип жаткан чектөөлөрдү тактап, анын жөнөкөй жарандарга колдонулушуна каршылыгын билдирди. Депутат Чыңгыз Ажибаев салыктан карызы бар жарандарга учурда колдонулуп жаткан чектөөлөрдү тактап, ага салык кызматынын өкүлү быйыл жыл башынан бери 700дөн ашык тараптарга чектөө киргизүү боюнча сотко материалдар берилгенин билдирди. Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков 100 миң сом салыктан карызы бар жарандарды өлкөдөн чыгарбоо туура эмес экендигин айтып, алардын чет жакка чыгып каражат таап келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү сунуштады.