Жыл башынан бери ИДП көлөмү 919,1 млрд сомду түздү жана реалдуу өсүү темпи 104,5%
2023-жылдын январь-октябрь айларындагы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жалпысынан экономикалык өсүштүн оң тенденциясынын уланышын көрсөттү жана экономиканын бардык тармактарынын өсүү темпинин жогорулашы менен камсыз кылынды.
Отчеттук мезгилдеги өсүштүн негизги драйвери болуп курулуш сектору болду, мында ал калыбына келтирүүнүн жогорку темптерин көрсөттү – 14,6%га негизги капиталга инвестицияларды өздөштүрүүнүн 16,8%га өсүшүнүн эсебинен, негизинен ички каржылоо булактарынын көбөйүшүнүн эсебинен 28,8%га, ошондой эле тейлөө чөйрөсүндө калктын кирешелеринин өсүшүнүн жана ишкердикти колдоо чараларынын эсебинен реалдуу өсүш 5,8%ды түздү.
2023-жылдын январь-октябрь айлары үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин алдын ала баалоосу боюнча ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары – ИДП) 919,1 млрд сомду түздү жана реалдуу өсүү темпи 104,5%ды түздү (2022-жылдын январь-октябрында – 106,2%). ИДПнын дефлятору 116,9% деңгээлинде болду.
Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: курулушта өндүрүштүн көлөмү 14,6%га, тейлөө чөйрөсүндө – 4,9%га, өнөр жайда – 1,3%га өстү, ал эми айыл чарбасында өсүү темпи 2022-жылы ушул мезгилиндей эле деңгээлде сакталды.
Экономикада пайда болгон тенденциялардын эсебинен ИДПнын номиналдык түзүмүндө товарларды чыгаруучу тармактардын үлүшү 30,7%ды, кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 51,4ды түздү.
2023-жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 377,5 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 1,2%га өскөн (2022-жылдын январь-октябрында – 14,3%га өскөн).
Орточо өсүш темпи ишкананы өнүктүрүү планына ылайык кендеги алтындын көлөмүнүн азыраак зонасын өздөштүрүүнүн эсебинен негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн 14,1%га кыскарышы менен шартталган.
Мында алтынды эсепке албаганда өнөр жайдын көлөмү 18,6%га өскөн.
2023-жылдын январь-октябрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 336,3 миллиард сомго өндүрүлүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилинде салыштырмалуу реалдуу өсүш темпи 100,1%ды түздү (2022-жылдын январь-октябрь айларында – 7,3%га өскөн).
2022-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшүнүн өсүшү мал чарба продукциясын өндүрүүнүн 2,2%га, жумуртканы 12,8%га, сүттү 2,4%га жана этти 1,5%га көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды.
2023-жылдын январь-октябрынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 116,6 млрд сомду түзүп, 16,8 %га өстү (2022-жылдын январь-октябрында 0,2 %га төмөндөгөн).
2022-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү ички каржылоо булактарынын 28,8 %га өсүшүнүн эсебинен камсыздалды, ошол эле учурда тышкы каржылоо булактарынын көлөмү тескерисинче 24,9 %га төмөндөдү.
2023-жылдын январь-октябрь айларында тейлөө тармагынын дүң продукциясынын көлөмү 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,8%га өсүп, 726,1 млрд сомду түздү. 2022-жылдын январь-октябрына салыштырганда дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун дүң продукциясынын көлөмү 112,8% өсүү темпи менен 217,8 млрд сомду түзүп, дүң сооданын 28,8%га жана чекене сооданын 6,9%га өсүшү менен камсыз кылынды. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жүктөрдү сактоонун көлөмү 6,8 %га өстү. Отчеттук мезгилде мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 31,0 млрд сомду түзүп, реалдуу түрдө 19,9%га өскөн. Кызмат көрсөтүү секторунан ИДПны түзүүгө салым эң чоң жана 2,5 %дык пунктка бааланат жана ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндөгү үлүшү 51,4%ды түздү.
Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 32123 сомду түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,7%га өстү, ал эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 10,7 %га өскөн.
2023-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу жумушчулардын орточо айлык номиналдык эмгек акысынын өсүү темпи экономикалык иштин бардык түрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалды.
2023-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүү көлөмү 10 790,3 миллион АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 26,2%га өстү.
Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрүнүн көлөмү 2108,5 млн АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 49,6%га өстү. Экспорттук берүүлөрдүн көбөйүшү жабдууларды жана механикалык түзүлүштөрдү 3,9 эсеге, жер үстүндөгү транспорт каражаттарын жана аларга тетиктерди – 2,2 эсеге, трикотаж кездемелерди – 2,2 эсеге, көмүрдү – 1,6 эсеге, рудаларды жана. баалуу металлдардын концентраттарын – 36,2%, электр машиналары жана жабдуулары – 29,7%, берүүлөрдүн көбөйүшү менен камсыз кылынды.
Кыргыз Республикасына импорттолгон товарлардын көлөмү 8 681,8 млн АКШ долларын түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21,6%га өстү. Импорттук түшүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшү 2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу негизинен жер үстүндөгү транспорт каражаттарынын жана алардын тетиктеринин 4,8 эсеге, жабдуулардын жана механикалык түзүлүштөрдүн – 2,5 эсеге, мөмө-жемиштердин жана жаңгактардын 1,5 эсеге, электр машиналары жана жабдуулары 34,1%га, парфюмерия, косметика жана гигиеналык буюмдар – 34,3%га көбөйүшү менен камсыз кылынды.
2023-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 3 029,4 миллион АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 9,2%га азайган. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,3%) жана Казакстанга (32,4%) туура келген.
Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 7 760,9 млн АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 48,9%га өстү.