Күз-кыш мезгилине болгон жалпы даярдык жакшы. Энергетика министрлиги тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды

Бүгүн, Чүй электр тармактар ишканасынын имаратында, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2023-жылдын тогуз айындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчеттук жыйын болуп өттү.

Жыйынга КРнын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти Беназир Нурланова, энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана министрликке караштуу мекемелердин, энергетикалык компаниялардын, алардын филиалдарынын жетекчилерин катышты.

Жыйындын жүрүшүндө министрликтин, министрликке караштуу администрациялык ведомстволордун жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын 2023-жылдын тогуз айындагы аткарылган иштеринин жыйынтыктары жана жылдын соңуна чейинки, 2024-жылга карата иш пландары жөнүндө баяндамалар угулуп, талкууланды. Ошондой эле жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Коллегиянын чечиминин аткарылышы жана алдыдагы күз-кыш мезгилине болгон даярдыгы тууралуу маселе каралды.

Ал эми тогуз айдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн жыйында энергетика министри Таалайбек Ибраев авариялык өчүрүүнү азайтуу жана керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртуу, кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи.

“Бүгүн баарыбыз алдыда кантип кыштан кантип чыгабыз, кандай даярдык көрдүк?-деп чогулуп олтурабыз. Энергетиктерге калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча негизги милдет жүктөлгөнүн баарыңыздар жакшы билесиздер. “Энергетиктер” элдин ишенген таянычы жана коомдун ишеничтүү тармагы болуп кала берет. Себеби, электр энергиясы жок болсо, азыркы заманда жашаш кыйын, баардыгы энергетикага байланган. Мындан улам, биз энергетиктер элдин ишеничин акташ үчүн, калкты кыштан үшүтпөй алып чыгуу үчүн жоопкерчилик менен иштешибиз керек. Бүгүн тогуз айдын жыйынтыгын чыгарып жатабыз. Албетте аткарылган иштер жаман эмес, жакшы жакка өзгөрүү көп. Бирок, дагы да алдыда кылына турчу жумуштар бар. Андыктан баарыңыздарга бир жагынан эскертип, экинчи жагынан өтүнүп кетем. Алдыда кычыраган кыш келе жатат, жакшылап даярдангыла. Электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы керек”- деди министр Таалайбек Ибраев.

Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине болгон даярдыгы жалпысынан жакшы. 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн 2024-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычынын көлөмүн 6,7 млрд м³ суу менен камсыздоо пландалууда. Ошондой эле, быйыл 3,2 млрд кВтс чейин электр энергиясын импорттоо каралган.

Ал эми, жалпы Республика боюнча көмүрдүн керектөөсү – 1млн 276,0 миң тонна, күйүүчү мазуттуку– 54 миң тонна. Бүгүнкү күндө Республика боюнча калкка 739.0 мин тонна көмүр, бюджеттик мекемелерге 189.0 мин тонна көмүр ташылды.

Энергетика тармагындагы ар бир мекеме жана энергокомпаниялардын тогуз айдын жыйынтыгы боюнча берген отчетунан кыскача маалымат:

1- Бүгүнкү күнгө алып караганда “Кыргызстан УЭТ” ААК тарабынан кошумча 128 трансформтордук подстанцияларды орнотулуп, 414,09 км аба чубалгысын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле өлкө боюнча жалпы 321 669 акылдуу эсептегич орнотулган. Мындан тышкары 102 даана атайын техника сатып алынып, РЭТтерге бөлүштүрүлүдө.

2- Ал эми жылуулук тармагында дагы бир катар иштер аткарылды. Аларлын катарында ” Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы өлкө боюнча 40 жаңы отказан орнотту. Ошондой эле резервдик суу менен камсыздоо максатында филиалдарда 9 ксважина бургулоо иштери жүргүзүлдү.

3- “Бишкекжылуулуктармагы” филиалына 7 атайын техника алынды, өздүк каражаттын эсебинен 2385метр жылуулук түтүктөрү алмаштырылды. Андан тышкары Дүйнөдүк Банк тарабынан каржыланган “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында 221 жеке жылуулук пунттары орнотулду. Ошондой эле “Восток” долбоорунун алкагында 2326 метр диаметри 900 мм түтүктөр алмаштырылды.

5- 2023/2024 жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Бишкек ЖЭБти электр жана жылуулук энергиясы менен камсыздоо үчүн төмөнкү өлчөмдөгү отун менен камсыздоо пландаштырылууда: 1200 миң тонна көмүр, анын ичинде 550 миң тонна импорттук көмүр Д, ДГ, Г маркасындагы; 650 миң тонна кыргыз көмүрү, анын ичинен: 600 миң тонна Кавак маркасындагы БЗ, БР жана 50 миң тонна Түндүк Фергана көмүрү ДСШ; 70,110 млн м3 жаратылыш газы; 5,0 миң тонна мазут.

Бүгүнкү күндө Бишкек Жылуулук электр борборунун кампасында 309,7 миң тонна көмүр жана 0,976 миң тонна мазут бар.

6- «Чакан ГЭС» ААК келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында бардык гидроэлектростанцияларында, тактап айтканда бардык 19 гидроагрегаттарында утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ал эми капиталдык оңдоо иштери 100% аткарылды: мерчемделген үч гидроагрегаттын бардыгы капиталдык ондоо иштеринен өттү. Мындан тышкары, реконструкция жүргүзүүнүн неигзинде Аламудун-3 гидроэлектростанциясында 6300 кВА кубаттуулуктагы жаңы күч трансформатор орнотулду. Муну менен бирге «Чакан ГЭС» ААК быйылкы жылы автобазаны жаңылоого көнүл буруп, 2 автоунаа алды.

«Чакан ГЭС» ААКнын бирден бир жетишкендиктеринин бири быйыл Талас облусундагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушу. Быйылкы жылдын соңуна чейин ГЭСтин кичи агрегатын ишке берүү мерчемделүүдө.

7- “Кыргызкөмүр” МИ тарабынан алгылыктуу иштер аткарылууда. Бүгүнкү күндө жалпысынан ишканага 3 атайын техника сатылып алынган. Ал эми Кара-Кечеге 1 (4 даанасы менен комплект) электрондук шлагбаум орнотулган. Видео көзөмөлдөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүп, Кара-Кечеде 20 жана Балыкчыга 7 видео камера орнотулду. Учурда көмүрдүн тоннасына Экономика министрлигинин алдындагы “Монополияны жөнгө салуу” кызматы аныктап берген баа коюлуп, Бишкекте ар бир тонна 4 700 сомдон, ал эми 5000 сомдук көмүр түштүк аймактардагы отун базаларында сатылып жатат.

Отун базалары Бишкекте 7 жерге, түштүк аймакта 10 жерде ачылды. Август айынан бери ЖЭБге, бюджеттик мекемелерге жана калкка 285 миң тонна жеткирилди.

Кара-Кечеде 9 айдын ичинде жалпысынан 662 миң тонна көмүр өндүрүлүп, Бишкек ЖЭБке август айынан бери 44 миң 600 тонна көмүр киргизилди.

 

8-«Электр станциялар» ААК 2023 /2024жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктарды бүтүү этабында. Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСтеги суунун көлөмү 11875.50млн.куб метрди түздү, суунун агымынын келиши 218 куб метр/с, коротулган суунун көлөмү 270куб.метр/с түздү. Баардык ГЭСтердеги капиталдык, утурумдук ондоо иштери жылдык пландын негизинде аткарылууда. 2023/2024 жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн бекитилген план боюнча аткарылууда.

Связанный пост