Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү $7,8 млн түздү

 Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы товар жүгүртүү $7,8 млн түздү

2023-жылдын январь-август айларында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы айыл чарба продукциясынын товар жүгүртүүсү 7,8 миллион долларды түзүп, анын ичинен экспорт 336,1 миң АКШ долларын, импорт 7,5 миллион АКШ долларын түзгөн.
Экспорт:
• иштетилбеген тери – 157,7 миң АКШ доллар;
• жашылчалар – 115,5 миң АКШ доллар;
• эт субпродуктылары жана консерваланган эт азыктар – 62,9 миң АКШ долларын түздү.
Импорт:
• кант жана кант кондитердик азыктары – 4,7 млн ​​АКШ доллар;
• жемиштер – 1,3 млн АКШ доллар;
• кофе, чай жана татымалдар 640,0 миң АКШ доллар;
• дан эгиндери – 398,8 миң АКШ доллар;
• жашылчалар – 165,3 миң АКШ доллар;
• жашылча жемиштерди кайра иштетүү – 116,3 миң АКШ долларын түздү.

Связанный пост