Алайда жаңы курулган 5 бөлмөлүү айылдык милиция бөлүмчөсү пайдаланууга берилди

2023-жылдын 20-октябрь күнү Алай районунун Сары-Таш айыл аймагында жаңыдан курулган 5 бөлмөлүү айылдык милиция бөлүмчөсү пайдаланууга берилди.
Бул имарат жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын каржылоосу менен тургузулду. Айылдык милиция бөлүмчөсүнө интернет желелери тартылып, жылуулук түтүктөрү орнотулган.
Сары-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү район борборунан алыскы аралыкта жайгашкан. Бул аймакта кыш мезгили дээрлик 7 айга чейин созулуп, жаратылышы катаал болуп эсептелет.
Сары-Таш айыл аймагы-чыгыш тарабынан Кытай эл республикасы менен, түштүк тарабынан Тажикстан республикасы менен чектешет.
Анда эмгектенген айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери 3 айыл өкмөттүн 6 айылында коопсуздукту камсыз кылышат.
Жаңы милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн имаратын куруу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун ички иштер органдарынын иштөө шартын жакшыртуу менен жарандарга сервисттик тейлөө көрсөтүү боюнча койгон тапшырмаларын аткаруунун алкагында ишке ашырылды. Жыл башынан бери Өзгөн, Ноокат жана Араван райондорунда да жаңы милициянын аймактык пункттары курулуп, пайдаланууга берилген.
Ачылуу аземине Ош облустук ички иштер башкармалыгынын, райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы катышышты.
Башкармалыктын башчысы Жеңишбек Джоробеков имаратты курууга жакындан жардам көрсөткөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, демөөрчүлөргө жана коомчулукка ыраазычылык билдирип, башкармалыктын атынан сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле, жаңы имараттын курулушу менен жергиликтүү тургундар мындан ары арыз-даттануулары же, чечилбеген көйгөйлүү маселелери боюнча район борборуна барбай эле, түз ушул жерге кайрылуусуна шарт түзүлгөнүн белгиледи.

Связанный пост