Жапалак айылында “Акылтай” бала бакчасы ачылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Жапалак айылындагы “Акылтай” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ачылыш аземине катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги ар бирибиздин жоопкерчилигибизден көз каранды экенин жана татыктуу тарбия, терең билим алуу мамлекеттин келечегине чоң салым болоорун баса белгилеп, жаңы билим уясы менен жергиликтүү тургундарды куттуктады.

Эльчибек Джантаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров тарабынан “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына кол коюлуп, билим берүү кызматтарынын сапатын жакшыртуу жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, заманбап талаптарга жооп берген жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү инсанды өстүрүү жана калыптандыруу үчүн билим берүү тутумун реформалоо багыттарына кеңири токтолду.

Ошону менен бирге тарбиялуу, билимдүү коом гана турмушта ишенимдүү жолун таап, жашоодо татыктуу ордун табууга жардам берээрин, келечектеги заманбап, бакубат Кыргызстанды кура турган, өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин сактай турган уул-кыздарыбыздын баштапкы тарбиясы чоң роль ойной тургандыгын баса белгиледи.

Бул долбоор Республикалык бюджеттен 33,2 млн сомго каржыланып, курулуш иштери 2022-жылдын 14-ноябрында башталып, курулуштун жалпы аянты 2468,07 м2, негизги имараттын аянты 374,05 м2 түзөт.

Кошумчалай кетсек, керектүү буюмдар жана жабдуулар менен камсыздоо үчүн Төлөйкөн айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттен 1 млн 350 миң сом бөлүнгөн.

Бул жаңы мектепке чейинки мекеменин ачылышы айыл жеринде билим берүүнү жана инфраструктураны өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Связанный пост